Коом
Чүй облусунда кошумча 21 стационарлар ачылды

Чүй облусунун райондорунда 515 кишиге ылайыкталган 21 күндүзгү стационар уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, стационарлар ооруканага жатуу зарылчылыгы жок бейтаптардын тамчылатма жана башка уколдорду алуусу үчүн ачылды. Анын жанында дарыканаларды уюштуруу дагы каралып жатат.
Күндүзгү стационарлар муктаждыкка жараша көбөйтүлө турганы кошумчаланды.
Кечээ ӨКМ билдиргендей, стационарлар Сокулук, Жайыл, Москва, Ысык-Ата, Кемин жана Чүй райондорундагы интернат, бала бакча жана спорт мектептерде даярдалды.



