Коом

Кыргызстандын дарыгерлери: «Адахан Мадумаровду издейбиз, чыныгы патриот экенин далилдесин!»

COVID-19 пандемиясы өлкөбүздө күн санап күчөп барат. Акыркы бир нече суткадан бери бул илдетке чалдыккан жаңы көрсөткүчтөр 300, 400, 500дүн тегерегинде болууда. Ага кошул-ташыл пневмония (өпкөнүн сезгенип оорусу) оорусу да күч алды. Бул эки илдеттен күнүнө 30-40 адамдын өмүрү кыйылууда. Мындай оор кырдаалдын түзүлүшүнө медицина кызматкерлери койгон талаптардын так аткарылбаганы жана бул илдеттин бар экенине ишенбөөчүлүк болуп калганын моюнга алышыбыз керек. Өзгөчө аттуу-баштуу эле саясатчылар да муну бийликтин жасап жаткан саясаты катары сыпатташты. Натыйжада мындай оор кырдаал, оор жоготуулар орун алууда. Ал эми «Мен ишенбейм» деп жаткан саясатчылардан дайын чыкпай калды. Ошондон улам өлкөбүздүн дарыгерлери «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго ачык кайрылуу жолдоп отурушат.

Кадырман калайык-журт!

Биринчиден, баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Баарыбызды кыжаалат ойлорго кептеп, калктын саламаттыгына коркунуч жаратып турган COVID-19 илдетинен сырткары болушуңуздарды тилейбиз. Оорубаңыздап, көп жашаңыздар! Элибиздин бүгүнкүдөй оор абалга кептелип калышына коронавирус илдетине ишенбөөчүлүк жараткан айрым саясатчылар түрткү болуп калды. Өзгөчө белгилүү саясатчы Адахан Мадумаровдун буга салымы чоң. Ал «Мен коронавируска ишенбейм. Бул кыргыз бийлигинин саясаты» деп жатты. Натыйжада ага ишенген жарандар чындап эле коронавирус илдетин бийликтин жасап жаткан саясаты катары кабылдашты. Натыйжасын көрүп жатабыз.

Ошондуктан Адахан Кимсанбаевич, сизге кайрылгыбыз келет.

Өлкөбүзгө коронавирус илдети жаңыдан кирип келген учурдан тарта, ооруга чалдыккандардын саны арбып кеткенге чейин сиз элди ишенбөөгө чакырып келдиңиз. Адегенде муну кыргыз бийлигинин саясаты катары сыпаттадыңыз. Андан кийин «Ар бир оору жугузуп алгандарга 200 миңден беребиз деп койду эле, «байкуш» врачтар «ооруп» калышпадыбы. Жок оору менен «ооруп» калышты. Анан аларды жок дары менен «дарылашты»» деп чыктыңыз. Ушундай сөздөрдү айтып жатканда сиз калың элдин алдындагы жоопкерчилигиңизди сездиңиз беле? Дарыгерлердин ар-намысына шек келтирип жатканыңызды билдиңиз беле?

Элди медициналык бет кап тагынуудан баш тартууга да чакырык жасаганыңызды билебиз. «Бет кап тагынуудан аябай көп каражат табышты» дегенсиз. Айтор, кайра-кайра видео кайрылууларды жасап, элди бул аты жаман илдетке ишенбөөгө чоң салым кошуп койдуңуз. Натыйжасы эмне болуп жатат? Коронавируска чалдыккандардын көптүгүнөн улам ооруканаларда орун жетишпей калды. Улам жаңы орундарды ачып жатканыбыз менен, алар дагы бат эле толуп калууда. Коронавирус, пневмония ооруларынан улам күнүнө каза тапкандардын саны кандай болуп жатканын көрүп жатсаңыз керек. Алардын арасында жалпы кыргыз элине аты белгилүү инсандар да болуп жатат.

Сизге ушундай көрүнүш керек беле? Элибиздин бул ооруга жапырт кабылышын кааладыңызбы? Эми эмнеге эл алдына чыгып, же видеокайрылуу аркылуу буга чейин айтып келген сөздөрүңүздү айтпай калдыңыз?

Сизди азыр эл өзү издеп калды. Күнүнө 30-40 адамдын каза болуп жатканын көргөн эл сизге нааразы. Дарыгерлер да сиздин эл алдында жасаган жоопкерчиликсиз билдирүүлөрүңүзгө нааразы болуп турат. Эми айткан ар бир сөзүңүзгө жооп бере турган күн келди. Эгер сиз чыныгы элдик патриот болсоңуз, анда кетирген катачылыгыңызды моюнга алып, элге кайра видеокайрылуу жасаңыз. Ошону менен бирге эле ак халатчандарга кошулуп, дартка чалдыккандардын саламаттыгын коргоого кол кабыш кылыңыз. Себеби, оорунун күч алып кетишине сиздин салымыңыз чоң. Ошол катачылыгыңызды дарыгерлер менен кошо күнү-түнү тынымсыз иштеп жууп алсаңыз болот. Биз сизди издеп жатабыз. Үн катыңыз.

Кыргызстандагы дарыгерлер тобу

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button