(ВИДЕО) Күйөөсү кордогон аял бактылуу экенин айтып, эрин мактап маек берди

Мойнуна дөңгөлөк илип кордолгон аял убагында социалдык тармактарда жарыяланып, коомчулуктун кыжырын келтирген эле. Арадан көп убакыт өтпөй аялын кордогон күйөөсү камакка алынган. Бирок, аял күйөөсүнө кайра тосмо арыз жазып, аны менен жашаарын айткан эле. Бул айым жакында Сузак районунан аймактык каналга интервью берди.
Ал: «Биз 26 жыл бирге жашадык. Ушул жылы уулубузду үйлөнтөбүз деген үмүтүбүз бар. Биз мындан ары да чогуу жашап, неберелерибизди бирге тарбиялайбыз. Окуядан кийин эл менин күйөөм жөнүндө жаман пикир калтырышууда. Бирок ал андай начар адам эмес. Ал өзүн жоготуп койгон. Мен аны кечирдим, жогорку билимдүү жакшы адам», — дейт Дильборо.
Эске сала кетсек, социалдык тармактарда күйөөсү аялынын эки колун таңып, дөңгөлөк байлап, жаакка чаап, башынын ылдый суу куюп сабаган видеосу тараган. Аны менен катар бул көрүнүштү видеого тартууну буюрат. Соттун чечими менен ал 15 күнгө камакка алынган.
Кордолгон аял милиция бөлүмүнө арыз жазган, бирок көп өтпөй арызын кайтарып алган.



