Ооруканадагы Кубанычбек Жумалиевге журналист Мелис Аспеков кейип атканын жазды (жаңыланды)
Эсиңерге сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмониядан жабыркап, ооруканага түшкөнү маалымдалган.
Анын абалы оор экенин жарандык активист Мелис Аспеков билдирди. Жарандык активисттин айтымында Кубанычбек Жумалиев жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. “Маалыматты жакындарына чалып тактадым. Чынын айтканда мындай кабарды угуп жаман абалда калдым. Буга байланыштуу Фейсбукка дагы билдирүү калтыргам”, – дейт Мелис Аспеков.

Мелис Аспековдун Фейсбуктагы посту: «Ушул жаңылыкты окуган соң, ички дүйнөм бушайман болуп жатат. Кубанычбек байке тез сакайып кетишин каалайм, абалыңыз оор экен. Мага бир топ адамдар чалып, жазып жатышат. Муну Куран уруп баштады деп. Андайды уккандан кийин, жүрөгүм зырп этип кетип жатат. Кайдан мен бердим, кайдан сиз алагалдыңыз…
Роза эже жакшылап караңыз эми байкени. Деги дем ал байке, дем ал, токтоп калба… Бутка туруп кетип, мына сага деп бир чооң Мед. борбор куруп салчы байке. Эл ыраазы болуп калсын.
Коррупция менен шектелген, алар менен биз күрөшүп жүрүп, анан туруп эле өлүп калса, жаман болот экенсиң, чын. Жапыкеев Сыймык менен кече сүйлөштүм, ал дагы байке жакшы болуп кетсе экен деп айтып отурат… 119ңар бар, карасаң эми, дал сизге бул илдет келгенин», деп, посттун аяктаган ал.

Ушундай нары өкүнүчтүү, нары кейиштүү пост жазды, Мелис, өзүнүн ФБ баракчасына.



