Коом

Позитив:«Бишкекпекарня» стационарына кайрылгандардын саны азая баштады

12-кичирайондогу «Бишкекпекарня» күндүзгү стационарына медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны, биринчи күндөргө караганда 20%ке кыскарды. Бул туурасында Октябрь районунун акиминин орунбасары Айнура Арстамбекова, 24.kg маалымат агенттигине билдирген.  

Анын сөзү боюнча биринчи үч күндүн аралыгында, кайрылган шаардыктардын саны өтө көп болгон.

«Көп адамдар кезекте турушкан, бирок бүгүн алардын саны сээлдеп калды. Дарыланууга рецептери берилген шаардыктар, процедураларын алууну улантып жатышат. Орто эсеп менен беш күн дарылоодон өтүшөт. Жаңы бейтаптар аз болуп калды», — деп айтты Айнура Арстамбекова.

Бул жерде медициналык жардамды алты врач, жети медсестра, үч санитарка жана эки волонтер көрсөтүп жатышат. Стационардын базасында ачылган аптекалык пунктта, борбор шаарда оңой менен табылбай турган керектүү дарылардын баардыгы бар.

Эске сала кетсек, борбор шаардын төрт районунда тең күндүзгү стационарлар саат эртең менинки 8.00дон кечки саат 22.00го чейин, күн сайын иштеп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button