Дүйнө
Россияда коронавируса каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинаны сыноо ийгиликтүү аяктады

Россияда коронавируса каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинаны сыноо ийгиликтүү аяктады. Бул туурасында Сеченов университетинин трансляциялык медицина жана биотехнология Институтунун директору Вадим Тарасов билдирди, деп РИА Новости маалымдады.
«Сеченов университети коронавируса каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинаны ыктырдууларга сыноону ийгиликтүү аяктады», — деп билдирди ал.
Ал эми Сеченов университетинин медициналык паразитология, тропикалык жана трансмиссивдүү ооруларга каршы Институнун директору Александр Лукашев, бул этаптын максаты вакцинанын адамдан ден соолугуна заласыз экенин иликтөө болчу, ал жагы ишке ашырылды, деди.



