Коом

Эки жуманын ичинде Кыргызстанга 2,5 миңден ашык кычкылтек концентратору келди

Эки жуманын ичинде Кыргызстанга 2,5 миңден ашык кычкылтек концентратору гуманитардык жардам катары жана мамлекеттик сатып алуулар аркылуу жеткирилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, жабдыктар медициналык мекемелерге жана муктаждыктарга жараша ооруканаларга бөлүштүрүлөт.

«Бүгүнкү күндө жабдыктар таратылып берилген, резервде 50 даана концентратор бар», — дейт Аида Исмаилова.

Мамлекет бир гана кычкылтек концентраторлорун эмес, ооруканаларга керек болгон башка жабдыктарды да сатып аларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button