Коом
Кыргызстанга Өзбекстандан 10 миң таңгак гепарин алынып келди

Кыргызстанга Өзбекстандан 10 миң таңгак гепарин алынып келди, деп билдирди Кыргызстандын Өзбек Республикасындагы элчилигинен.
Алынган маалымат боюнча маселе КР тышкы иштер министрлиги тарабынан Өзбекстандагы Кыргызстандын элчилигинин жардамы менен чечилген.
«Дипломаттар Өзбекстандын бийлик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын бир фармакологиялык компаниясына коронавирус инфекциясынан дарылай турган дармекти алууга көмөктөштү. Өзбек Республикасы жергиликтүү фармокомпанияга Наманган шаарындагы заводдо чыгарылуучу гепаринди беришти», — деп белгилешти министрликте.
Жакынкы арада, коңшу мамлекеттен алынып келген бул дары Кыргызстандын аптекаларына бөлүштүрүлөт.



