Коом

Кыргызстанга Россия коронавируска каршы дарыны — авифавирди жиберет

Мурда айтылгандай,  Кыргызстан Россия Федерациясы менен коронавируска каршы авифавир  дарысын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул дармек Россияда ийгиликтүү колдонулуп жатат. Бул туурасында 18-июлда Sputnik.ru маалымдаган.

Келаткан жумада Россия Кыргызстанга COVID-19га каршы дарыны — авифавирди жиберет, деп билдирди Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Анын сөзү боюнча, Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги бул дармекти алып келүүгө уруксаат берген.  

Авифавир (эларалык патенттелбеген аталышы — фавипиравир) дүйнөдө COVID-19га каршы эң эффективдүү дары болуп калышы күтүлүүдө. Бул дары 2014-жылдан тартып Японияда грипптин оор формаларын дарылоодо пайдалынылып  келе жатат. Пандемияга байланыштуу россиялык окумуштуулар дармекти модификациялап жана дарылоо протоколун өзгөртүшкөн.

Эске сала кетсек, бул дарынын терс таасири да бар деп айтылууда – боюнда бар аялдарга же төрөөнү пландаштыргандарга бул дармекти пайдалануу опурталдуу  болушу мүмкүн экен.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button