РФнын премьер-министри Мишустин: Россияда коронавируска каршы төрт вакцина даяр

Россия коронавируска каршы вакцинацияны күзүндө баштайат. Ушундай тилекти РФнын премьер-министри Михаил Мишустин Мамдумада сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Окумуштуулар төрт вакцинаны иштеп чыгышты жана алардын коопсуздугу далилденди. Дагы экөө финалдык стадиядагы сыноолордон өтүп жатат.
«Роспотребнадзордун билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күнгө карата төрт вакцина коопсуз экенин далилдешти, дагы экөө боюнча клиникалык сыноолор финалдык стадияда жүргүзүлүп жатат. Алар Гамалей Борбору менен Коргоо министрлигиники. Экөө [мекеме] сыноону баштоого даярданып жатат – алар „Вектор“ жана вакцина менен сывороткалар Илимий изилдөө институтунуку», — премьердин ушинтип айтканын ТАСС маалымдады.
Кабминдин башчысы Россиянын саламаттык сактоо системасы коронавирустун экинчи толкунуна даяр деп белгиледи. Эгер кайрылып келе турган болсо, инфекция менен ийгиликтүү күрөшкөнгө Россияда резерв бар, деди ал. Мишустиндин айтуусуна караганда пандемиянын учурунда система экстрендүү шарттарда иштөөгө жогорку жөндөмдүүлүгүн толук көрсөттү.
Шаршемби 22-июлда Россиянын Коргоо министрлиги коронавируска каршы биринчи вакцина даяр экенин расмий билдирди. Клиникалык сыноолордун шартында ыктырчылар катышып, аларда коронавируска.каршы иммунитет иштелип чыкты, деп айтылат.



