Коом

Тажикстандан келген делегация Бишкектеги Royal Central Park ишмердүүлүгү менен таанышты

2025-жылдын 25-августунда Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында Тажикстандын Биринчи вице-премьер-министри Холикзода Хоким Хикматулло борбор калаадагы ири инвестициялык жана курулуш долбоорлорунун бири — Royal Central Park менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө делегацияга мурдагы ипподромдун аймагын комплекстүү өнүктүрүү концепциясы, анын ичинде турак жай конуштарын, коомдук жайларды, социалдык инфраструктураны жана жашыл зоналардын курулуш иштери менен таанышты. Royal Central Park долбоору жашоочулар үчүн комфортту, туруктуу технологияларды жана Бишкектин шаардык чөйрөсүн өнүктүрүүгө олуттуу салымды айкалыштырган заманбап баардыгы бир модель катары ишке ашырылууда.

Royal Central Park Бишкектин так ортосунда 53,5 гектар жерде жайгашкан. Долбоор RCA Living тарабынан инвестицияланган жана шаар куруу, архитектуралык дизайн боюнча дүйнөлүк лидер болгон япониялык Nikken Sekkei архитектуралык фирмасы тарабынан иштелип чыккан. Комплекс заманбап бардык мегаполиске айланат, анда турак жай, кеңсе, билим берүү жана оюн-зоок мейкиндиктери бирдиктүү шаардык экосистемага бириктирилип, стилдүү жана эл аралык жашоо образын түзүшөт.

Долбоордун пландарына дээрлик 11 гектарлык борбордук сейил бакка жана шаардагы эң чоң ландшафттуу көлгө караган 24 000ден ашык батирлердин курулушу камтылган. Тургундар эксклюзивдүү инфраструктурага, анын ичинде 78 590 м² соода борборуна, эл аралык мектепке жана заманбап клиникалардын тармагына ээ болушат.

Royal Central Park – бул масштабдуу өнүктүрүү долбоору гана эмес, Кыргызстандын урбанизмин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Ал Бишкектин көрүнүшүн өзгөртүү жана борборду Борбордук Азиянын алдыңкы бизнес жана маданий борбору катары белгилөө максатында иштелип чыккан. Кыргызстанда биринчи жолу синхрондуу жана туруктуу “шаар ичиндеги шаар” модели ишке ашырылат, ал шаардык жашоонун деңгээлин көтөрөт жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

Тажикстан Республикасынын делегациясы долбоорду өнүктүрүүнүн масштабын жана заманбап мамилесин жогору баалап, анын региондогу шаарлардын туруктуу өсүшү үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Тажикстанда ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда бул тажрыйбаны колдонууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button