Жоголгон кыз табылды. Ата-энеси менен урушуп, качып кетиптир

20 күндөн ашык издөөдө жүргөн, Ош шаарында дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова кечээ Бишкектен табылды. Бул туурасында ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, кыз 5-июль күнү болжол менен саат 20.00дө үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Бүгүн Ички иштер министрлиги анын сүрөтүн ЖМКларга жарыялап издөө салган.
«Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери саат 19.00дөр чамасында «Ала-Тоо» аянтында жүргөн кызды көрүп документин сураган. Натыйжада ал изделип жаткан Айтурган Өмүрбекова болуп чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Инспекторлор кыздан дайынын билдирбей жүргөнүнүн себебин сураганда, ал ата-энеси менен урушуп кетип Бишкекке келе бергенин айткан. Табылган кыз ата-энесине кабарланды.



