Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Махмуджан Рахматов каза тапты

Ушул жылдын 2-август күнү, 70 жашка караган курагында, таланттуу актер Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Махмуджан Рахматов капилеттен көз жумду.
Махмуджан Рахматов 1951 – жылы Өзбек ССРинин Анжиян облусунун Хожа-Абад районунда туулган.
1969-жылы Ош шаарындагы Бабур атындагы (мурдагы Киров) өзбек музыкалуу-драма театрына жумушка кабыл алынып, өмүрүнүн акырына чейин ушул коллективде үзүрлүү эмгектенген.
Рахматов Махмуджан Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр жана сүрөт институтун сырттан окуп бүтүргөн.
Таланттуу артисттин жараткан ондогон мыкты образдары күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк таба абалган.
Макбет (“Макбет”), Қарабаатыр (“Тахир жана Зуҳра»), Пири Зиндоний (“Чыңгызкан алып кеткен сыр”) , Махмудхан (“Бабур”), Насруллахан (“Надирабегим”), Махдий (“Лейли менен Мажнун”), Чортон баатыр (“Ашырбай”), Али (“Маскарабоз Али»), Каракчы (“Каракчы менен кумурачы”), Анвар (“Мээраптан чаян“), Карасакал (“Курманжан датка)“, Глостер («Король Лир») ж. б. актер жараткан кыйлалаган образдар көрөрмөндөр жана адистер тарабынан өтө жогору бааланган.
Махмуджан Рахматовдун кыргыз театр искуссвосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып 1990-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамына татыган. Эл аралык жана республикалык театр фестивалдарында бир нече ирээт ар кыл номинациялардын жеңүүчүсү болгон.
М. Рахматов Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Ош облусунун бир катар Ардак Грамоталары менен да сыйланган.
Таланттуу актер, бүтүндөй өмүрүн арнаган Ош академиялык Бабур атындагы өзбек музыкалуу-драма театрынын корифейи Махмуджан Рахматовдун өмүрү жана басып өткөн чыгармачылык жолу өсүп келаткан жөндөмдүү жаш муун үчүн жогорку үлгү болуп кала берет.
Актердун жаркын элеси анын коллегаларынын, талантын урматтаган көрүүчүлөрдүн эсинде өмүр боюу жашайт.
Махмуджан Рахматовдун үй бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.



