Коом
Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулду

Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Долбоорго ылайык, жаңы корпус үч блоктон туруп, жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзөт.
Имаратта окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттер жана спорт залы каралган.



