Коом
Кыргызстанда Баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөмдү көбөйтүү сунушталды

Кыргызстанда Баатыр эне ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошумча төлөмдү 1000 сомдон 5000 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Камила Талиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам дообоору коомдук талкууга коюлду.
Анын негиздемесинде азыркы 1000 сомдук төлөм 2011-жылдан бери өзгөртүлбөгөнү айтылат. Авторлор азык-түлүк, коммуналдык кызматтар жана дары-дармек кымбаттаганын эске алып, төлөмдү көбөйтүү зарыл экенин белгилешкен.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда Баатыр эне орденин алган 34 миңге жакын эне бар.
Сунушталган өзгөртүү кабыл алынса, кошумча төлөм 2027-жылдын 1-январынан тартып 5000 сом болот.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жылына 1 млрд 662 млн сом талап кылынары көрсөтүлгөн.



