Кыргызстандык дарыгер өзгөчө ыкма менен дарылап, адамдардын өмүрүн сактап калган. Дүйнөлүк медицинага да салым кошту

Мындан туптуура бир ай мурда, июль айынын оор күндөрү башталып жаткан учурда, Ош областынын Ноокат райондук ооруканасынын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, чоң тобокелчиликке барып, ооруп айыккандардын канын ооруп жаткандарга кую менен дарылай баштаган. Бул метод өзүнүн оң натыйжасын бергенин ал фейсбук баракчасына жазып чыккан.

— Биз Кытайдын дагы бир тажырыйбасын колдондук. Кытайда ооруп айыккан адамдын плазмасын ооруп аткан адамга куюп, жакшы натыйжага жетишишиптир. Мен аны окуй электе эле биз да куюп көрсөк кандай болот экен деп, бирок корктум. Натыйжасы жакшы болбой калса, жооп берип калам деп ойлонуп отуруп, тобокелчиликке бардык. Донор табуу да кыйын экен, эч ким көнбөй атып, экөөнү араӊ көндүрдүк. Алардан 400 граммдан кан алып, бейтаптарга куйдук. Өпкөдөгү карарган жерлери бат эле өӊүн өзгөртүп, эффект боло баштады. Дагы барып агитация жүргүзүп, дагы кан алып келдик. Алардын да жыйынтыгы жакшы болду, -деп белгилеген врач.
Ушундан соң, «Спутник-Кыргызстан» маалымат агенттиги, 3-июлда Асамидин Марипов менен кеңири маек уюштуруп, анын ичинде ооруп айыккандардын канын бейтаптарга кую жолу менен дарылоо боюнча врачтын практикасына да токтолгон.
— Ал эми коронавирус менен ооруп айыккандардын канын жаңы жуктургандарга куюп дарылоо методун кандайча ишке ашырдыңыз?
— Чынында муну жасоодо абдан көп ойлондум. Анткени буга чейин бизде мындай ыкма жасала элек эле. Экинчиден, ал бейтаптарды кан берүүгө көндүрүү керек болчу. Айтор, алдымда жоопкерчилиги зор, өтө олуттуу маселе турду. Бирок инфекциядан кыйналгандарды карап туруп унчукпай жүрө алган жокмун. Ошол март айларында эле биздин райондо оору күчөп турган кезде ден соолугу мүмкүнчүлүк берген бейтаптардан өздөрүнүн макулдугу менен кан алып, жаңы жуккандарга плазма куюп жаттык. Муну менен катар эле алар кадимки тартипте дарылануусун улантып турушту. Ошол эле күндөрү плазма алган адамдардын абалы дароо жакшырып, натыйжасы иш жүзүндө көрүнө баштады. Тобокелчиликке салып токтотпой уланта бердик. Мындай ыкма менен кандын группасы, резус фактору, ден соолугу бардык тарабынан туура келген, коронавирус жуктуруп алып оор абалда жаткан ондон ашуун адамды дарылап чыгардык. Алардын алды жумуш ордуна кайтып кадимки жашоосун улантууда. Бир жолу эле эмес, бир нече ирет кайталап куйдук. Жыйынтыгы абдан кубандырат.
— Мындай тобокелчиликке барууда кандайдыр бир илимий изилдөөлөр жүргүзүлдүбү?
— Илимий изилдөө жүргүзүүгө азырынча өлкөдө шарт да, мүмкүнчүлүк да жок. Биз Кытай мамлекетинин тажрыйбасынын негизинде маалыматтарды дыкат иликтөө менен ишке ашырдык. Тажрыйба жүзүндө, клиникалык сыноодон өттү десек болот. Эми келечекте илимий багытта андан ары тереңдеп изилденсе, өлкө медицинасы үчүн абдан эле жакшы болмок. Дарыгер катары айтарым, бул ыкма COVID-19га кабылып, оор абалда жаткан бейтаптарды дарылоодо берилүүчү дары-дармектен сырткары кошумча ыкма катары колдонулса жыйынтыгы жакшы болот экен.
Көрүнүп тургандай, биздин таланттуу врачтарыбыз (башкача мүнөздөш да кыйын) ушундай татаал учурда, айрыкча билимдүүлүгүн, болуп көрбөгөндөй жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшүп, ар бир адамдын өмүрү үчүн айгышкан күрөш жүргүзүштү. Бул күрөш, тек гана бир мамлекеттеги, бир аймактагы локалдуу окуя катары каралбастан, белгисиз илдетти дарылоодогу дүйнөлүк медицинанын практикасына кошкон зор салым болуп саналат. Муну, моюнга алууга, биздин практик-врачтардын киргизген жаңылыктарына сыймыктануу менен кароого туура келет. Ооба, Кытай мамлекетинин врачтары кооптонуу менен, эксперимент катары ишке ашырышкан практиканы (кан куюну), Кыргызстандын бир районунун врачы экстремалдык ситуацияда клиникалык сыноодон толук өткөрүп берүүгө мажубур болгон. Эми, дүйнөлүк медицина, тартынбастан Асамидин Мариповдун ыкмасы менен бейтаптарды дарылоо жолуна өтсө болот деген ойдобуз.



