Дүйнө

Улуу Британиянын абройлуу фонду кыргыздарды эң жоомарт калк деп атады

Улуу Британиянын Charities Aid Foundation фондунун эксперттери Кыргызстандыктарды дүйнөдөгү эң жоомарт 20 элдин бири деп атады. Бул тууралуу Вестник Кавказа маалымат порталы жазып чыкты.

Бир жыл ичинде Кыргызстан дароо 83-орундан 18-орунга көтөрүлүп, изилдөөдө кайрымдуулук жасагандардын жалпы көлөмү төрт эсеге көбөйгөнү айтылган. Британиялыктардын ою боюнча, буга Орозо айындагы кыргызстандык мусулмандардын соопчулук иштери да себепкер болгон.

Изилдөө жүргүзгөндөрдүн айтымында, өлкөнүн тургундары убактысынын 36%ин ыктыярчылыкка жумшашат. Башкача айтканда, Кыргызстандыктар өлкөдө кеңири жайылган «ашар» ыкмасы менен үй-жай курууга көмөктөшөөрү да аларга белгилүү болгон.

Аталган фонд бул изилдөөнү үч критерийдин негизинде жүргүзгөн: жумшалган акчанын көлөмү, бейтааныш адамдарга көрсөтүлгөн жардам жана ыктыярдуу иштөөгө кеткен убакыт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button