Коом
Бишкектен Кувейтке аба каттамдары токтотулду

1-марттан тарта Бишкектен Кувейтке аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, аба каттамдары Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук үчүн токтотулган.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектен Дубай, Шаржа жана Жиддага дагы аба каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулган.



