Коом

Кой-Таштагы чоң кырсык: Ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоодон баш тартуунун себебин түшүндүрдү

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы 3-августта Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында болгон жол кырсыгы боюнча социалдык тармактарга тараган билдирүүгө жооп кайтарды.

Ведомстводон билдиришкендей, социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Кой-Таш айылында болгон жол кырсыгы боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу Фейсбуктагы жаран Ч. Ж билдирген.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2025-жылдын 3-август күнү Кой-Таш айылынын Аблесов көчөсүндө К.Ж аттуу жаран «Түштүк багытты көздөй бара жаткан БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаа менен О.А.нын башкаруусундагы «Тойота Авенсис» каршысында келе жаткан, андан соң Н.А.нын башкаруусундагы «Тойота Камри» жана «Хонда Фит» үлгүсүндөгү К.А. үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Тойота Авенсис унаасынын жүргүнчүсү С.К., денесинен жаракат алып ооруканага жаткырылды», — деп билдиришти милициядан.

Бул окуя катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

«Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, С.К.нын алган жаракаттары ден соолугунун бузулушуна алып келген денеге жеңил залал келтирүү катары мүнөздөлгөн. 2025-жылдын 11-сентябрында болгон окуя боюнча иликтөө иштеринин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылган. Материалдардын көчүрмөлөрү КР ЖККнын негизинде чара көрүү үчүн райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө жөнөтүлдү. Бул боюнча тергөө органдары мыйзамдын талаптарына ылайык чечим чыгарышкан. Келтирилген материалдык чыгым боюнча тараптар сотко кайрылышы керек», — деп билдирди ИИМдин башкы башкармалыгы.

Тектеш кабарлар

Back to top button