COVID-19. Кыргызстанда жуктургандардын жана каза болгондордун эсеби боюнча дүйнөдө канчанчы орунда турат

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясы. Өткөн жылы Кытайдын Уханында чыккан бул вирус жер шарындагы баардык мамлекетке жетти.
Бүгүн, 5-августка карата жазылган дүйнөлүк ММК булактарына таянсак жер шарында бул вирус 700 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, 18 миллиондон ашык адамга жукту.
Кыргызстанды да бул вирус кыйгап өткөн жок. Июль айында бул коронавирус илдети пикке жетип, бир нече адам өмүрү менен кош айтышты.
Ал ортодо Нью-Йорк таймс маалымат булагы Кыргызстанда адамдардын өлүмү биринчи орунда экени тууралуу жалган маалымат таратууга да үлгүрдү.
Учурда коңшу Өзбекстанда карантин режими катуу кармалып жатканына карабастан жуктургандардын жана каза болгондордун саны арбып барат. Ал эми Казакстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондорду эки бөлөк эсептеп жатканына байланыштуу ал жакта так маалымат айтылбай жатканы тууралуу эл арасында нааразычылыктар жаралып жатканы ММКларга жарыяланууда.
Ал эми Кыргызстанда учурда абал турукташып келе жатканы кубандырат.
Бул илдетти жуктуруп жана каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан 52-орунда экени айтылууда.






