Коом

Турсунбай Бакир уулу жубайын сүзүп, качып кеткен айдоочуга эскертүү берди

Экс-депутат, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу велосипед тээп бараткан аялын белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, жардам бербей качып кеткенин социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

“Велосипедчендерди машина уруп кеткендерди угуп жубайымдан этият болууну дайыма суранамын. Машина айдагандардын арасында сабатсыз жана ыймансыз айдоочулар көп деп эскерткенмин.

2-августта, Курман айттын акыркы күнүндө ошондой акмактардын бири күп-күндүз Тоголок Молдо/Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипед тээп бара жаткан жубайымды сүзүп кетиптир. Сүзүп кеткени аз келгенсип, ал келесоо жардам бербей качыптыр!

Ошол айдоочу баракчама кирип ушул постту окуп жаткан болсо, ага төмөнкү сөздү айткым келет: бешенең ачык жигит экенсиң. «Айттын урматына, аман калганым үчүн да, ал айдоочуну кечирдим. Аны издетпеңиз – катуу коркконунан ал өзүн жоготуп, качып кеткендир» деп жубайым менин издөө иш-аракеттеримди токтотуп койду.

Бирок машина айдагандан кийин жүргүнчүлөрдү жана велосипедчендерди карап жүрбөйсүңбү?! Адамды сүзүп кеткенден кийин адамгерчиликтүүлүгүңдү жана жол эрежелерди билгениңди көрсөтүп, жыгылган адамды тургузуп, ал-акыбалын сурап, медициналык жардам керек болсо бейтапканага жеткирип коюга акылың да, ыйманың да жетпедиби?!

Жубайымдын өтүнүчүнө баш ийип, сени Кудайга тапшырдым.
РS. Жубайыма кыжаалат болгондорго сарсанаа болбогула, үйдө дарыланып жатат. Аман калганына Аллахыма чексиз мактоолорду жана шүгүрчүлүктү келтиремин!”. – деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button