Дүйнө

Өпкөсүнөн өсүмдүк өсүп чыккан адам

Өсүмдүктөр  – Жерде өтө көп мезгилден бери жашаган организмдерден. Анын кээ бир  түрлөрү мындан 250 миллион жыл мурда эле өкүм сүрүшкөн. Алар кандай гана шартта болбосун жашап кетүүгө жөндөмдүү келишет: суунун алдында, кыртыштуу топурагы жок жерде, ал түгүл адамдын ичинде  да. Бул тууралуу Futurist сайты жазып чыккан.

Албетте, өсүмдүктүн адамдын ичинде жашаган көрүнүштөрү өтө сейрек. Бирок, ошондой окуялар да болот.  Маселен, Массачусетс штаттынын (АКШ) тургуну, өпкөсүнөн проблема болуп, көкүрөгү жан чыдатпай ооруганда бейтапканага кайрылып, операцияга жаткан. Операциянын учурунда  хирургдар бейтаптын өпкөсүн тешип чыгып өсүп жаткан буурчакты табышкан. Ушундай болушу  мүмкүнбү?

Анүчүн урук адамдын ичине кириши керек, жутуп алганда мындай болбойт. Силер бала кезиңерде ата-энеңер дарбыздын данегин жутпа, болбосо ичиңе дарбыз өсүп калат деп коркутканы эсиңердедир. Адамдын ичине дарбыз таптакыр өспөйт, анткени ашказанда данектер менен  өсүмдүктөрдүн көпчүлүгүн жок кыла турган   кислота менен ферменттер бар.  

Ал эми уруктарды дем алуу — аба менен оп тартып алуу башка (кыязы Массачусетстик кишиде ушундай көрүнүш болгон болуш керек), Бирок, бул дагы оңой эле ишке аша  койбойт. Анткени, биздин денебиздин өзгөчө механизмдери – көптөгөн тосмолор, бизди дем алуу учурунда ушундай кокустуктардын дээрлик баарынан сактайт.

Бирок, кокустан урук тоскоолдуктардын баарынан өтүп кетсе, адамдын организминде өсө алабы? Өсүмдүктөргө биринчи кезекте суу керек. Андан соң, көмүр кычкыл газ жана күндүн жарыгы керек, фотосинтез жана өсүүгө керектүү болгон заттарды алыш үчүн. Бирок, уруктан өсүп чыгуу үчүн кислород, жылуулук жана нымдуулук гана жетиштүү. Адамдын өпкөсүндө болсо, ушунун баары тең бар.   

Анда беткап кийиш керек турбайбы деп шашылбагыла. Ооба, өсүмдүктөн өсүп чыгуу үчүн үч компонент (кислород, жылуулук, нымдуулук) жетиштүү. Бирок андан ары өсүп, чоңое баштоого күндүн жарыгы керек. Ошондуктан америкалык жарандын өпкөсүндө  табылган буурчак  бар болгону 1,25 сантиметрге гана жеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button