Саясат

“Кыргызстан Коммунисттер партиясы” шайлоого барбай турганын билдиришти

“Кыргызстан Коммунисттер партиясы”  2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешке  шайлоого барбай турганын билдиришти.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 12-августтагы отурумунда партиянын билдирүүсү каралып, аны эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

“Кыргызстан Коммунисттер партиясынын” ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button