Белоруссиянын ички иштер министрлиги элге боевой патрон менен ок атканын мойнуна алды

Бул тууралуу «Новая газета» жазып чыкты.
«Брестте агрессивдүү кыяздагы жарандардын тобу колдоруна арматураларды кармап алышып милициянын кызматкерлерине кол салышкан. Асманды көздөй атылган эскертүү октору аларды токтото алган эмес», деп маалымдаган ички иштер министрлигинин пресс-катчысы. А министрлик «кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугун сакташ үчүн» жарандарды атууга курал пайдаланылды, деп мойнуна алган.
Кол салгандардын бири жарадар болгон, «Еврорадио» анын диагнозун маалымдады: баш сөөгүн ок тешип өткөн — мээ сөөгү быркыранган.
Бул Белоруссиянын күч органдарынын өз жарандарына каршы боевой патрон колдонуп, ок чыгарышканынын бышыкталган биринчи окуясы.
Ушундай эле боевой патрон менен Белорусь ОМОНу Минскиде элди атканын массалык-маалымдоочу каржаттар жазып да, видео аркылуу тартып да жарыя кылып жатышат.
Эсиңерге сала кетсек, жыйырма алты жылдан бери түшпөс хан болгон Александр Лукашенконун жеке бийлигин сактап калуу үчүн жандалбастап, 9-августта өткөн президенттик шайлоонун тыянагы толук бойдон фальцификация болгонуна нааразы болуп митингге чыккан элди аесуз сабатып, миңдеп каматып жатканы бүтүндөй дүйнөгө тарап жатат.



