Дүйнө

(Видео) Минскде сан миңдеген киши катышкан акция өтүп жатат

Жекшембиде, Белоруссиянын борбору Минск шаарынын «Минск — город-герой» деген стеласынын тегерегинде, президенттик шайлоолордун тыянагы менен макул болбогондорго тилектештигин билдирген сан миңдеген кишилер катышкан акция өтүп жатат. Тынч акцияга каршы бийликтин амири менен күч органдары кезектеги зомбулугун көрсөтүшүүдө. Бул туурасында 16-августта INTERFAX.RU маалымдады.

Акциянын катышуучулары стеланын төрт бөлүгүнүн кесилишине бөлүнүшкөн. Алар колдоруна агыш-кызыл-ак желектерди, гүлдөрдү, үйлөмө шарларды көтөрүп алышкан.

Акция өтүп жаткан жерге шаардын төрт тарабынан тең адамдар селдей агылып келишүүдө.

https://twitter.com/i/status/1294978866864427008

ММКнын билдирүүсүнө караганда акция өтүп жаткан жерде мобилдүү байланыш дээрлик жок.

Ушул акциянын алдында Минскде, Көзкарандысыздык аянтында өкмөттү колдогондордун акциясы өтүп, анда Александра Лукашенко сөз сүйлөгөн.

https://twitter.com/i/status/1294955869352984576

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button