Окумуштуу: Оозду чайкоочу суюктук корнавирусту жуктуруудан сактайт
Немис окумуштуулары оозду чайкоочу суюктук менен оозду чайкоо коронавирустун жугушун алда канча төмөндөтөөрүн таап чыгышты, деп айтылат, Германиянын Рур университетинин сайтына жарыяланган иликтөөлөрдө. Бул тыянак немистердин Бохумдагы Рур университетинин молекулярдык жана медициналык вирусология боюнча окумуштуулар тобунун Йен, Ульма, Дуйсбург-Эссен, Нуюренберг жана Бремендик илимпоздор менен биргелешип өткөрүшкөн изилдөөлөрүндө алынган. Эксперименттердин натыйжасында оозду чайкоочу суюктук Sars-Cov-2 вирусунун клеткаларын «катардан чыгаары» көрүнгөн. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Иликтөөчүлөр Германиянын дарыканаларында сатылып жаткан оозду чайкоочу сегиз суюктукту ар түрдүү ингредиенттерди кошуу менен тестирлешкен. Ар бир суюктукка алар Sars-Cov-2нин бөлүкчөлөрүн кошушуп, андан соң 30 секунд оозду чайкаган сыңары чайкашкан. Иликтөөнүн натыйжасында баардык суюктуктар вирустун баштапкы титрин азайтканы көрүнгөн. Ал эми «чайкоо» үч ирээт катары менен өткөрүлгөндө титр ушунчалык азайган, аны табууга да мүмкүн болбой калган.
Иликтөөнүн авторлору оозду чайкоочу суюктук вирусту өлтүрбөйт, тек гана анын андан аркы таралышын азайтат дешет. «Оозду чайкоочу суюктук менен чайкоо вирустардын клеткаларда өөрчүшүн биротоло басып таштай албайт. Бирок, кыска мөөнөттүү перспективада жуугуу тобокели өтө чоң болгон, маселен, ошол эле ооз менен тамактагы вирустук жүктү төмөндөтөт», — деп айтты, иликтөөнүн жетектөөчү илимпозу Тони Мейстер.



