Дүйнө

Түркмөнстанда коронавирус президенттин жарлыгы менен расмий жоготулду

Түркмөнстан коронавирустун пандемиясын өтө тез жана эч кандай курмандыксыз жеңген дүйнөдөгү жападан жалгыз өлкө. Эми, эпидемиянын күтүлүп жаткан күздө келчү экинчи толкуну бул өлкөдө эч качан болбойт.

Түркмөниянын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнү коронавирус жок территория деп жарыялады. Болгондо да мыйзам менен.

Президент прессада, телевидениеде, эл алдында чыгып сүйлөгөндө «коронавирус» деп айтууга тыюу салып койду. Түркмөнстандын элине беткап, мээлей кийүүгө болбойт – паника чыгат деп. Мындайча айтканда, коронавирус Бердымухамедовдун жарлыгы менен, атын айтууга тыюу салынган  Гарри Поттер тууралуу сагадагы Волан-де-Мортага айланып калды.

Rambler.ru  маалымат порталынын материалдарынын негизинде даярдалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button