АКШ 750 миллион эркек чиркейлерди таратат

Ушундай жол аркылуу окумуштуулар коркунучтуу ооруларды тарата тургандар менен күрөшүүнү ишке ашырган жатышат.
Америкалык окумуштуулар жакынкы аранын ичинде генетикалык жактан модифицикация болгон Aedes aegypti түрүндөгү 750 миллион чиркейди таратууну пландап жатышат. Так ушул чиркейлер сары безгек, денге безгеги, Зика вирусу ж. б. у. с. коркунучтуу ооруларды таратышат. Бул тууралуу 21-августа Новости Mail.ru билдирди.
«Өркүндөтүлгөн» эркек чиркейлер, курт-кумурскаларга каршы пайдаланчу химикаттарды алмаштырып, чиркейлердин популяциясын кыскарта алышат. Мындан ары алар жалаң гана эркек түрүндө болушуп, личинкалык стадияда эле дароо жок болот. Мындай стратегия кокусунан тандалып алынган эмес. Анткени адамдын канын ургаачы чиркейлер гана сорушат да, коркунучтуу ооруларды ошолор таратышат.
Окумуштуулардын сөзү боюнча, ГМО-чиркейлер экосистемага коркунуч туудурушпайт. А бирок, кокустан негативдүү жактары байкала баштаса, анда бул экспериментти дароо токтотууга даяр турушат. Азырынча генетикалык жактан модифицикация болгон чиркейлерди Флорида-Кис архипелагына гана кое беришет, деп жазды Oxitec.
Белгилей кетсек, америкалык окумуштуулар ушул жылдын июль айында Aedes aegypti түрүндөгү чиркейлердин жынысын өзгөртүүнү үйрөнүшкөнү айтылган.
Эсиңерге сала кетсек, Улуу Британиянын окумуштуулары, кадимки чиркейлерди жок кыла турган жалаң эркек чиркейлерди чыгарып жатканы тууралуу маалыматты июнь айынын башында берген элек.



