Коом
Сейтек Кулубаев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды

Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович КР Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. Аны дайындоо жөнүндөгү буйрукка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин, 2021-жылдан 2025-жылга чейин Ош облусунун Араван районунун акими, ал эми 2019 жана 2013-жылдары Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими болуп иштеген. Сейтек Кулубаев зоотехник, юрист жана жер адиси болуп иштеген. Ал эмгек жолун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы «Бабур» акционердик коомунда мал чарбачылыгы менен баштаган.



