Дүйнө

Бир кой жарым миллион долларга сатылды! (видео)

Баасы асыл тукумдуулугуна карата бычылды.

Шотландиядагы айылчарба аукционунда дүйнөдөгү эң кымбат кой сатылды, деп билдирди Fox News. Бул тууралуу Новости Mail.ru жазып чыкты.

Асыл тукум кочкордун баасын 490 миң долларга чейин көтөрүштү. Кой сатуу боюнча мындан мурунку рекорд 300 миң долларды түзүп, ал 2009-жылы коюлган.

Кош Бриллиант деген аты бар кочкор Нидерландарда өстүрүлгөн тексель породасына кирет. Бул породанын козулары өтө тез чоңоет, чоң койлорунун булчуң эттери аябай өнүккөн, эти эң жогорку сапатка ээ.

Кош Бриллиант — эки чемпиондун тукуму: баасы 86 миң доллардан ашык турган кочкор менен 46 миң долларлык ургаачы койдун. Бул кочкорду сатып алуучулардын сөзүнө караганда, мындай «ыгы жок чоң» сумманы так ошол  анын тукуму үчүн төлөшкөн. Аны сатып алууга кеткен чыгымды эми алар Кош Бриллианттын тукумунун эсебинен жабууну көздөшүүдө.

https://www.facebook.com/britishtexel/videos/379384502708571/?t=2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button