Эми бала асырап алууну каалагандар үйүнөн чыкпастан электрондук форматта арыз бере алат
Учурда «Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталы» иштелип чыгып, министрликтин расмий сайтында www.mlsp.gov.kg жайгаштырылган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, порталда ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында катталган балдар боюнча (жынысы, курагы, улуту) статистикалык маалыматтар толугу менен жайгаштырылган.
Ошондой эле портал бүткүл республика боюнча балдар тууралуу бирдиктүү маалыматтар банкын камтыйт, бул болсо жарандарга бүткүл өлкө боюнча балдар жөнүндө маалыматтарды онлайн режиминде көрүүгө мүмкүндүк берет.
Бала асырап алууну каалаган жаран үйүнөн чыкпастан эле электрондук форматта/онлайн Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө арыз бере алат.
Мен уул бала асырап алгым келет.