Коом

Бишкекте 9-кабаттан боюн таштоого аракет көргөн жаран куткарылды

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин 12-кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен эркек киши боюн таштоого аракет кылганын жазганбыз. 

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 32 жаштагы Д.Х. аттуу жаранды куткарууга беш адам тартылып, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ал адам куткарылган.

“Ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, адамдын өмүрү сакталды. Ал эч кандай жаракат алган эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button