Коом
“Мекеним Кыргызстан” элди топтош үчүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жыйыны деп алдашкан

Мындай маалыматты журналист Наралы Асанбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыялады. Аксыга эл менен жолугушкан барган “Мекеним Кыргызстан” партиясына эч ким келбей коюп, алар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын чогулушу болот деп базарда элди алдап алып барышкан.
“Мекеним Кыргызстан” Аксыдагы эл менен жолугушуусуна “Бүтүн Кыргызстандын” чогулушуна келгиле деп базарда элди чакырганы уят эле болду. Ушул партиянын акыбалын ачык көрсөттү”-дейт ал.
Аксы районунун тургуну Мелис Марсбеков элди акча берип дагы топтой албай койгону тууралуу буларды айтты.
“Айылдан алып келди 500 сом берип, Кербенден эч ким келбеди”-дейт ал.
Булак: FAKT.KG



