Коом

Онлайн кабыл алуу: бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүлүп, коррупциялык көрүнүштөр жоюлду

Кыргызстандын башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу быйылкы жылы онлайн форматта жүрдү. 2020-2021-окуу жылына жалпы 98 136 абитуриент кабыл алынды.

Онлайн кабыл алуу боюнча V турдун жыйынтыгында жогорку окуу жайларга 42 миңден ашуун, колледждерге II тур менен жалпы 41 миңдей жана кесиптик башталгыч окуу жайларына 15 миңдин тегерегинде абитуриенттер билим кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи жолу абитуриенттерди кабыл алууна онлайн форматын уюштуруп, тиешелүү багыттар боюнча атайын порталдарды иштеп чыкты.

Онлайн кабыл алуунун артыкчылыгы:

пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздап, вирустун жайылышына жол бербөө;

абитуриенттердин ЖОЖдорго массалык топтолуусун алдын алуу;

абитуриенттер өлкөнүн каалаганын бурчунда туруп санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруу;

бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт түзүү:

окуу жайларга кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялоо;

конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү коррупциядык көрүнүштөрдү жоюу;

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button