Коом

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн аянтчанын ачылышы болду (ФОТО)

2020-жылдын 29-сентябрь күнү  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында  волейбол спорту үчүн  аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев, федерациянын вице-президенти Жеңиш Казалаков, колбашчылыктын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Колбашчы Исламбек Кенжекулов волейболдун тарыхына жана анын Кыргызстандагы өнүгүү жолуна кайрылып, жаштарды тарбиялоодогу маанилүүлүгүнө токтолду. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спортун өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылыгын билдирди.

 Салтанаттуу иш-чаранын аягында ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аялдар командасынын  менен  Бишкек шаарынын “Улар” курама командасынын ортосунда мелдеш уюштурулду.

 ИИМдин ИКАКтын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button