Коом
Азиз Суракматов эмне үчүн мэрлик кызматтан кеткенин айтты
Бишкек мэри Азиз Суракматов шаар башчылык кызматтан кеткенин журналисттерге берген маалымат жыйын учурда билдирди.
Ал мэр болуп турган кезинде 100 гектар жерди мамлекетке кайтарганын, скверлер, парктар көбөйгөнүн жана жолдор салынып, оңдолгонун билдирди.
Ал ошондой эле парламенттик шайлоого катышканы жаткандыктан мэрлик кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди.



