Коом

Жазаларды аткаруу кызматы Кыргызстандагы абактарда жапырт ачкачылык жарыяланганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

«Бул фейк, ЖАКтын бардык мекемелери штаттык режимде иш алып барууда», — деп билдиришти мекемеден. 

Буга чейин бир катар ЖМКлар түрмөдөгүлөр Жаза аткаруу кызматына Чыңгыз Кожошевдин жетекчи болгонуна каршы ачкачылык жарыялаганын жазышкан. 

Жума күнү СИЗО-1де беткапчан адамдар камактагыларды сабап жатышат деген маалымат тараган. Бирок ЖАК бул маалыматты төгүндөп, мекемеде тыюу салынган буюмдарды текшерүү максатында тинтүү болгонун кабарлаган.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button