Окуялар
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын россиялык адис машыктырат

46 жаштагы Максим Лисицын менен келишим бир жылга түзүлдү. Ал футболчуларды сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин машыктырат.
Лисицын Кыргызстанда 4 жыл мурун иштеп баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы КРдин U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, россиялык адис Кыргызстандын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.



