Окуялар
Бишкекте 9-класста окуган өз кызын зордуктоого шектелген атасы кармалды

Бишкекте өз кызын зордуктады деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg агенттиги укук коргоо органдарындагы булакка таянып жазды.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу 9-классты бүтүргөн, ал учурда мектепке барбайт. Атасы кызын биринчи жолу 5-класста окуп жүргөндө зордуктаганы белгилүү болгон.
Шектүү 3-сентябрда Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган.



