Окуялар

ӨКМ шаардыктарды кооптондурган Ала-Арчадагы Адыгене көлүн көрсөттү

Буга чейин айрым эксперттер суунун көлдү жырып чыгуу коркунучу бар экенин, ал суу Бишкекке чейин жетиши мүмкүн экенин божомолдошкон. Бишкек мэри жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйынын өткөрүп, өзгөчө даярдыктагы режим жарыялаган. 

17-июлда ӨКМдин ыкчам тобу Адыгене көлүнө жана жанындагы көлмөлөргө көзөмөл жүргүзүп, адистер бул көлдө суу деңгээли жылдык нормага ылайык экенин, дамбаны жырылуу коркунучу жок экенин аныкташкан. 

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев азыркы учурда Ала-Арчанын үстүндөгү көлдөрдөгү суу кадимки деңгээлинде экенин айтып, космостон байкоо жүргүзүлүп турарын айтты. 

«Эгерде тоодогу көлдөрдө жырылып кетүү коркунучу жаралса, жергиликтүү бийликке алдын ала эскертүүлөр берилет», — деген ал.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button