Коом

КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штаб Нарын облусунда кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү

Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штаб Нарын облусунда кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү.

КР БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, республикалык штабдын жетекчиси  М. Мамытканов Нарын облусунун шайлоо участкаларынын даярдыгын талкуулашты.

Шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга ыкчам таасир этүү маселелери боюнча шайлоо кломиссиялары менен ички иштер органдарынын ѳз ара аракеттенүүсүнүн тартиби тууралуу түшүндүрмѳлѳр берилди, ошондой эле кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ жарандарды маалымдоонун маанилүүлүгү баса белгиенди.

Ошондой эле шайлоодо бузууларды кароо мѳѳнѳтүн жана тартибин сактоо үчүн прокурордук кѳзѳмѳлдүн маанилүүлүгү белгиленди. Мѳѳнѳт 2-3 күндү түзѳт.

Ыкчам таасир этүүнүн координациялык топтору ар бир райондо жана шаарда түзүлгѳн, анын курамына шайлоо комиссияларынын тѳрагалары жана укук коргоо органдары кирет.

Жыйындын жүрүшүндѳ мамлекеттик  органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тѳмѳндѳгүдѳй милдеттер коюлду:

         — 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүүнү даярдоо боюнча шайлоо комиссияларын байланыш, электр энергиясы, транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча кѳмѳк кѳрсѳтүү;

         — 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүүнү даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо;

         — шайлоо участкаларын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;

         — шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн коопсуздугун укук коргоо органадары тарабынан камсыз кылуу;

         — жер-жерлердеги шайлоочулардын пайда болгон кѳйгѳйлѳрүн чечүү;

         — шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ республикалык штабга ѳз учурунда маалымат берүү;

         — шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык камсыз кылуу;

         — биометиркалык каттоодон ѳтүү, ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча шайлоочулардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

         — административдик ресурстарды пайдаланган учурларга, шайлоочуларды сатып алууга, ошондой эле Мыйзамды башка бузууларга ыкчам таасир этүү;

         — ѳзгѳчѳ категориядагы  жарандар менен иш жүргүзүү;

         — керектѳѳ картасын тактоо, кыймылы начар калк (ДСМЧА) үчүн шарттарды түзүү (пандустар, жѳлѳнгүчтѳр, чакыртуу кнопкалары менен жабдуу).

КР БШК маалымат бѳлүмү

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button