Спорт

ВИДЕО: Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата футбол фестивалы өтөт

Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ЮНИСЕФ Кыргыз Футболдук Союзу жана Ош шаардык мэриясы менен бирдикте футбол фестивалын өткөрөт.

Фестивалдын урматына Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Ош шаарында конокто жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Аны ЮНИСЕФ менен Кыргыз Футболдук Союзу Ош шаардык мэриясынын колдоосунда уюштуруп жатат. “Алай” футболдук клубу менен Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы жолдоштук беттеште кездешет. Беттеш алдында балдар үчүн түрдүү оюндар уюштурулат.

Иш чаранын негизги максаты – майрамдык маанай жаратуу менен бирге балдар үчүн оюндун маанилүүлүгүн коомчулуктун эсине салуу. Оюн алардын менталдык саламаттыгын бекемдеп, ар тараптан өнүгүүсүнө түрткү берет.

Убактысы : 2022-жылдын 12-ноябры, 14:00 – 16:00

Дареги: Ош шаары, Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиону

Иш чарага төмөндөгүлөр катышат:

▪      Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү 

▪      Венера Рыскулова , Ош шаарынын вице-мэри

▪      Кыргыз Футболдук союзу

▪      Ош облусунун Ноокат районунан 35 бала

▪     Ош шаарындагы мектептердин окуучулары

Маалымат үчүн: Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү БУУнун Баш катчылыгы тарабынан 1954-жылы жарыяланган. Дүйнөдөгү балдардын бакубаттыгын камсыздоо үчүн баары биргеликте аракеттениши керектигин эскерткен. Бул күн жыл сайын 20-ноябрда белгиленип келет. Кыргызстандагы ЮНИСЕФ майрамдын урматына карата жыл сайын уюштурулчу бүткүл дүйнөлүк балдардын укуктарын илгерилетүүгө кошулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button