Коом

Россияга кирүү үчүн эми ПЦР-тест тапшырылбайт

Өлкө бийлиги коронавирусту аныктоо үчүн жасалган бул тесттин жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү эрежесин жоюп салды.  

Орусияга кирген чет элдик жарандар ПЦР-тестинин жыйынтыгын көрсөтүүдөн бошотулат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Бул эреже 2022-жылдын 21-октябрынан тартып күчүнө кирет. Бирок Орусиянын аймагына киргендер үчүн анкета толтуруу талабы сакталууда.

Коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өтпөгөн орусиялык жарандар да өлкөгө келгенде милдеттүү түрдө ПЦР-текшерүүдөн бошотулат

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button