Коом

Тажиктердин жааган огунан шеригин куткарууга аракет кылып жатып өмүрү менен кош айтышты

УКМКнын Чек ара кызматы Жаңы-Жер чек ара заставасынын фельдшеринин эрдиги тууралуу айтып берди. 

16-сентябрда аскер фельдшери Медетбек Абдумалик уулу кесиптеши менен бирге душмандарга каршы турган. Мойнунан жарадар болгонуна карабай, жараатын өзү тигип алып, кайрадан согушка киришкен. 

Кийин жарадар болгон башка жоокерге жардам берүүгө барганда тажик тараптан минометтун огу жааган.

Медетбектин жанында мина дагы жарылган. Ага карабай, фельдшер катардагы жоокер Нурислам Карыбековго жеткен. 

Бирок ал өзүн да, Нурисламды дагы сактап кала алган жок. 

Каршылаштар аскердик техниканы жамынып келип, экөөнү тең аткылат кетишкен. 

Эки жоокердин мындай эрдиги кыргыз аскерлерине позициясын бекемдеп алууга жардам берди. 

@user22

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button