Коом

Башка өлкөнүн жарандыгын алгандарга Кыргызстанга визасыз кирип-чыгуу укугун берүү сунушталууда

Бир кезде кыргыз жараны болуп, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алгандарга Кыргызстанга визасыз кирип-чыгуу укугун берүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, парламенттин сайтына жарыяланды.

“Документ жарандыгын алмаштыргандарга өлкөдө каалашынча жүрүп, кирип-чыгып жана транзит менен тоскоолдуксуз өтүүгө шарт түзөт”, — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Мында алар миграциялык мыйзамдардын жана чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалынын талаптарын сактоого тийиш. Кирүү жана жүрүү тартиби министрлер кабинети тарабынан белгиленет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button