Коом

ИИМ: Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча маалымат берди

2024-жылдын 31-январында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жыл ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.

Коллегиялык отурумдун негизги темасы катары республиканын ички иштер органдарынын 2023-жылы аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болду. Аталган маселе боюнча ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов сөз сүйлөп, ички иштер органдары өлкө боюнча кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук тартипти сактоого, кылмыштардын алдын алууга жана мыйзамдуулукту орнотууга багытталган иш-чараларды толугу менен аткарып жаткандыгын жана ички иштер министрлиги бир катар олуттуу жетишкендиктерге жетише алгандыгын белгиледи.
“Бүгүнкү күндө, министрлик милиция кызматкерлерине толук кандуу шарттарды түзүүнү, санариптештирүүнү, калкка сервистик тейлөө көрсөтүүнү алып барууга шарттарды түзүүдө. Акыркы 3 жыл ичинде жалпы ички иштер органдарына 350дөн ашык авто унаа берилди. Курулуш тармагында 60тан ашык имараттар курулуп, 200дөй имараттар оңдоп түзүүдөн өттү. Күнүмдүк ишмердикке шарт түзүү максатында 392 миллион сомдон ашык техникалык каражаттар алынган. Ар кандай күтүүсүз кырдаалда үзгүлтүксүз байланыш менен камсыздоо максатында 3 жарым миллион сомго чукул санариптик байланыш каражаттары алынды. Өздүк курам 300 миллион сомго чукул формалык кийимдер менен камсыздалды. Эл аралык кызматташтык ишмердүүлүгүнүн негизинде донорлордон бардыгы болуп 250 миллион сомго жакын жардамдар алынган. Санариптештирүү багытында 3 программалык камсыздоолор жана 21 автоматташтырылган маалыматтык тутумдар иштеп жатат. Бул аракеттердин бардыгы ички иштер органдарынын кызматкерлерине милдеттерин так аткарууга шарт түзүү, элге сервистик тейлөөнү өнүктүрүү жана ыкчам түрдө кайрылууларын чечүү аркылуу ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттери так жана жогорку деңгээлде аткаруу болуп саналат”- деди Адылбек Бийбосунов.


Ошондой эле, министрдин биринчи орун басары статистикалык маалыматтарга токтолуп, 2023-жылдын ичинде жалпы укук коргоо органдары тарабынан 45 миң 459 кылмыш иши козголгонун билдирди. Алардын ичинен 43 миң 145 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы кылмыштардын 94,9 пайызын түзгөн. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштардын бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 64,6 пайызды түзгөн.
Ошондой эле, Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтер менен кемчиликтерге токтолуп жана криминалдык абалга кеңири талдоо жүргүзүп, ишмердүүлүктү чыңдоо багытында бир катар негизги багыттарды белгилеп, кемчиликтерди тез арада жоюу керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button