Саясат
Жогорку Кеңештин комитети Жедигер Саалаевди Конституциялык соттун судьясы кызматынан бошотту

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жедигер Саалаевди Конституциялык соттун судьялык кызматынан бошотууга макулдук берди.
Президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовдун айтымында, Жедигер Саалаевдин ыйгарым укуктары аяктады. Ал 2015-жылдын май айында жети жылга судья болуп шайланган.



