Ички иштер министринин биринчи орун басары Ысык-Көл милициясынын жетекчилиги менен жумушчу кеӊешме өткөрдү

Чолпон-Ата шаарында республиканын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда министр Улан Ниязбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясында коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча сөз болду.
Жумушчу кеңешменин катышуучуларына Ички иштер министринин биринчи орун басары кайрылып, мыйзамдуулук ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө эң маанилүү принциби экенин баса белгиледи.

Бул принцип ички иштер органдарынын өздөрүнүн кызматында укук коргоочулук мүнөздө да, мыйзамдардын талаптарын кыйшаюусуз сактоонун негизинде да түзүлгөн.
«Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү жогорку уюшкандыкта жана кызматтык бекем тартипте болушу керек. Ал эми буга жетишүү үчүн ички иштер органдарынын жетекчилигинин жана өздүк курамынын бирдиктүү иш-аракеттери зарыл. Андыктан, ар бир кызматкердин күч-аракетин бириктирип, зарыл тартипти жана ырааттуулукту түзүү менен жалпы милдеттерди чечүүгө болот», — деп белгиледи Адылбек Бийбосунов.

Ал облустун ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жанданттыруу, калк жана жарандык коом институттары менен туруктуу байланышты түзүү боюнча жаңы аракеттердин зарылдыгын билдирди. Укук бузууларга чыдамсыздык мүнөздү пайда кылууда, жергиликтүү тургундарга кызматташуунун өз ара пайдалуу формаларын сунуштоо менен кылмыштуулуктун жана укук бузуулардыналдын алуу боюнча жигердүү ишти улантуу зарылдыгын милдеттендирди. Жашы жете электердин укуктарын коргоо иши да олуттуу өзгөрүлөрдү талап кылат. «Министр Улан Ниязбеков тарабынан Ички иштер министрлигинин коллегиясында берилген тапшырмалардын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу зарыл. Алдыга коюлган милдеттер абдан олуттуу, аларды ийгиликтүү чечүү үчүн жалпы өздүк курамдын жана биринчи кезекте облустук милициянын жетекчилигинин биримдиги керек», — деп жыйынтыктады Адылбек Бийбосунов.
Жумушчу жыйындын соңунда ИИМдин башчысынын биринчи орун басары облустук ички иштер башкармалыгынын жана жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн жетекчилигине жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткарууда ийгиликтерди каалады.



