Коом

ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров АКШдагы мекендештер менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров учурда Америка Кошмо Штаттарында  иш сапарында жүрөт.  Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Чикаго шаарында мекендештер менен өткөрүлгөн жолугушууда  «Kyrgyz Community» борборунун башчысы Умар Жусуповдун чет жерде эмгектенип жаткан мекендештерибизге колдоо көрсөтүп, салым кошуп жаткандыгы үчүн КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров кызматташтык төш белгиси менен сыйлап, желек белекке тапшырды.

Жолугушууда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча кенен токтолуп,  достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого үндөдү.

Ошондой эле иш сапардын алкагында мекендин сыртында билим алып жаткан жаштар менен жолугушуулар уюштурулуп, аларга адеп-ахлак, адам укугу, радикалдуу көз караштардан алыс болууга жана патриоттуулукка, ынтымакка чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button