Коом
Ошто окуучу уурдалды деген билдирүү жалган экени айтылды

Ош шаарындагы мектептен окуучу бала уурдалды деген маалымат мессенджерлерде тарады. Анда «Олимп» мектебинин 5 же 6-классынын окуучусун кара унаага салып кеткени айтылган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат жалган экенин билдирет.

«WhatsApp аркылуу ушундай билдирүү тарады. Бул жалган, тастыкталбаган маалымат. Буга ишенбеңиздер, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок», — дешет милициядан.



